Акыркы 5 жылда тоо-кен тармагынан казынага 217,9 млрд сом түшкөн
Акыркы беш жылда жер казынасын пайдалануу тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
Маалыматка караганда, акыркы 2 жылда 8 ири долбоор ишке киргизилип, мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилди. Ал эми талаптарды бузган 320 лицензия жокко чыгарылды. Бүгүнкү күндө 2014 лицензия күчүндө.
"Акыркы 5 жылда тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, өсүү 3,5 эсени түздү. 2025-жылы 65,4 млрд сом түшүп, рекорддук көрсөткүч камсыздалды. Бул жылы 40 аукцион өткөрүлүп, 105,6 млн сом түшкөн. 5 жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.