Илон Маск: Жакынкы айларда X Money төлөм программасынын бета-версиясы ишке кирет
Илон Маск жакынкы айларда X Money төлөм программасынын бета-версиясы ишке кирерин жарыялады. Анын айтымында, X Money учурда компания ичинде жабык бета-сыноодон өтүп жатат. Кийинки бир-эки ай ичинде чектелген ачык бета-версиясы ишке берилет, андан соң кызмат X колдонуучуларына дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү болот. Бул тууралуу ал xAI жыйынында билдирген.
Маск жаңы колдонмону "революциялык" деп атап, ал колдонуучуларга каражат сактоого жана ар кандай финансылык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ошондой эле ал XChat мессенджеринин бета-версиясы ишке киргенин маалымдады. Бул кызмат көп катышуучулуу чалууларды жасоого да шарт түзөт.
X Money — бул жеке каржыны башкарууга арналган сервис болуп, ал X социалдык тармагына интеграцияланат. Миллиардердин планына ылайык, колдонуучулар бир платформада кат алышып, сатып алууларды жүргүзүп жана жеке активдерин толук башкара алышат.