Кыргызстанда алгачкы тикучактарды оңдоочу аймактык борбор ачылды
Кыргызстанда алгачкы аймактык тик учактарды оңдоо жана адистерди даярдоо борбору ачылды. Ал Эркин экономикалык "Ак-Чий" аймагында жайгашып, Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын тейлөөгө багытталган.
Долбоордун ишке ашырылышы менен Равшанбек Сабиров — Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы — таанышып чыгып, анын маанилүүлүгүн белгиледи.
Мекеменин маалыматына ылайык, долбоордун инвестору — Россия. Биринчи этапта болжол менен 5 млн доллар инвестиция салынган.
"Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервистик жана окутуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтүп турат", — деди Равшанбек Сабиров.
Ал демилге инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана технологиялык потенциалды бекемдөөгө өбөлгө болорун кошумчалады. Учурда Россияда 15 кыргызстандык учкуч билим алууда. Алар мекенине кайтып келгенден кийин ӨКМ, Коргоо министрлигинде жана башка түзүмдөрдө иштешет. Агенттик долбоорго, анын ичинде бажы жеңилдиктери аркылуу да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Кийинки этапта жарандык авиация, ӨКМ, Коргоо министрлиги жана Кыргыз авиация институтунун учукчтарын даярдоо үчүн Ми-171 тик учагынын тренажёру жана окуу класстары бар окуу-машыгуу комплексин ачуу пландаштырылып жатат.