Таш-Көмүр шаарында цемент заводу курулат

Таш-Көмүр шаарында цемент заводу курулат

Таш-Көмүр шаарында цемент заводунун курулушу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлганын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Макулдашуу министрлер кабинети менен "Юг Евро Цемент" ЖЧКсынын ортосунда түзүлүп, документке президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана компаниянын жетекчиси кол койду.

Инвестициялык долбоордун алкагында Таш-Көмүр шаарында буга чейин башталган цемент заводунун курулушун толук аяктап, ишке берүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 50 млн доллардан ашат. Завод пайдаланууга берилгенден кийин 250гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда алгачкы тикучактарды оңдоочу аймактык борбор ачылды

Кыргызстанда алгачкы тикучактарды оңдоочу аймактык борбор ачылды

Кыргызстанда алгачкы аймактык тик учактарды оңдоо жана адистерди даярдоо борбору ачылды. Ал Эркин экономикалык "Ак-Чий" аймагында жайгашып, Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын тейлөөгө багытталган. Долбоордун ишке ашырылышы менен Равшанбек Сабиров — Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы — таанышып чыгып, анын маанилүүлүгүн белгиледи. Мекеменин маалыматына ылайык, долбоордун инвестору — Россия. Биринчи этапта болжол

Айрым акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду

Айрым акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Улуттук банк айрым  алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин убактылуу токтотту. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кийинки алмашуу бюролорунун уруксат кагаздары убактылуу токтотулган: - Бишкек шаарындагы “К.М.Т групп плюс” ЖЧК алмашуу бюросу (2026-жылдын 12-февралынан тартып

Россия элчиси "Кант" авибазасын кеңейтүүнүн зарылчылыгы жоктугун билдирди

Россия элчиси "Кант" авибазасын кеңейтүүнүн зарылчылыгы жоктугун билдирди

Россиянын Кыргызстандагы авиабазасынын учурдагы параметрлери ЖККУга мүчө мамлекеттерге карата болгон коопсуздук коркунучтарына жооп кайтаруу үчүн жетиштүү, аны кеңейтүү зарыл эмес. Бул тууралуу Россиянын Бишкек шаарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, тиешелүү адистердин баамы боюнча авиабазанын учурдагы иштөө параметрлери бирикменин мүчө мамлекеттеринин коопсуздугуна түштүк багыттан келип

Ысык-Көл облусунда быйыл 2 миң темир-бетон мамы орнотлуат

Ысык-Көл облусунда быйыл 2 миң темир-бетон мамы орнотлуат

Быйыл Ысык-Көлдө 2 миң жаңы темир-бетон мамы орнотуларын Энергетика министрлигинен билдиришти.  Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960-70-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, бүгүнкү күндө авариялык абалга келген. Жаңы темир-бетон мамылар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүгө шарт түзүп, тармактын ишенимдүүлүгүн арттырат. 2026-жылга карата мамылар төмөнкү райондор боюнча орнотулат: * Ак-Суу РЭТ – 258;