Ысык-Көл облусунда быйыл 2 миң темир-бетон мамы орнотлуат
Быйыл Ысык-Көлдө 2 миң жаңы темир-бетон мамы орнотуларын Энергетика министрлигинен билдиришти.
Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960-70-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, бүгүнкү күндө авариялык абалга келген. Жаңы темир-бетон мамылар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүгө шарт түзүп, тармактын ишенимдүүлүгүн арттырат.
2026-жылга карата мамылар төмөнкү райондор боюнча орнотулат:
- Ак-Суу РЭТ – 258;
- Каракол РЭТ – 260;
- Жети-Өгүз РЭТ – 263;
- Тоң РЭТ – 543;
- Чолпон-Ата РЭТ – 314;
- Түп РЭТ – 229;
- Балыкчы РЭТ – 282.
Планга ылайык темир-бетон мамылар 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин орнотулуп бүтөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылы облуста 1500дөн ашык темир-бетон мамыларын ийгиликтүү орнотулуп, бир катар аймактардагы эски инфраструктура жаңыланган.