Былтыр Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 16,8%га өскөн
Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттеринин баамында, 2025-жылы Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 3,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу көп тараптуу каржы институтунун жумалык баяндамасында маалымдалат.
Баяндамага ылайык, которуулардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 16,8%га өскөн, негизинен Россиядан жөнөтүлгөн каражаттардын эсебинен. ЭӨБдун эсептөөлөрү боюнча, 3,5 млрд доллар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) 15,4%ына туура келет.
Эксперттер доллар түрүндөгү агымдын өсүшүнө рублдин долларга карата 24%га бекемделиши өбөлгө түздү, ал эми сомдун долларга болгон курсу ошол мезгилде негизинен өзгөргөн жок деп белгилешет. Каражаттардын агымынын көбөйүшү ички суроо-талаптын кеңейишине шарт түзөт, натыйжада 2025-жылы ички соода 17,8%га өскөн.