Кыргыз брокери Royal Pure Gold эл аралык ITS соода аянтчасына кошулду

Кыргыз брокери Royal Pure Gold эл аралык ITS соода аянтчасына кошулду

Эми Кыргызстандык инвесторлор үчүн 3200дөн ашык дүйнөлүк акция жана ETF жеткиликтүү болуп калат. Бүгүн 16-февралда - Кыргызстандык брокердик компания Royal Pure Gold жана эл аралык соода аянтча ITS кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Ага ылайык, Royal Pure Gold кардарлары компания иштеп чыккан Kagan Invest аянтчасы аркылуу, миңдеген дүйнөлүк финансылык инструменттерге ыңгайлуу, түшүнүктүү жана коопсуз негизде жете алышат.

Кол коюу “Кыргызстандын фондулук рыногунун өнүгүүсүнүн негизги тренддери” аттуу тегерек столдун алкагында, ЖМК өкүлдөрү, финансылык коомчулуктун адистери жана КРдагы Казакстан Республикасынын Элчисинин кеңешчиси Эрбол Сарыпбековдун катышуусунда болду.

Кыргызстан үчүн Royal Pure Gold компаниясынын ITSке кошулуусу - бул жөн гана келишим эмес, сапаттуу секирик болуп саналат. Apple, Microsoft акциялары, алтын, мунай жана индекстер эми өзүбүздүн брокер аркылуу жеткиликтүү болуп калат. Дүйнөлүк компанияларга инвестиция салуу - эми тар чөйрөнүн гана артыкчылыгы эмес, каражатын эффективдүү башкарууну жана узак мөөнөт бакубаттулук түзүүнү каалаган ар бир жаран үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк болуп калды.

Royal Pure Gold компаниясынын башкы директору Арстанбек Абдикапаровдун айтымында Royal Pure Gold үчүн ITSке туташуу – бул кардарларга эл аралык рынокко жетүүнүн мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

“Биздин негизги максаттарыбыздын бири инвестициялоо үчүн тоскоолдуктарды азайтуу болуп саналат. Буга чейин ири чет өлкөлүк компаниялардын акцияларына инвестиция салуу үчүн көлөмдүү сумма, чет элдик брокерлерде эсеп ачуу процессин түшүнүү жана чет өлкөлүк банктар аркылуу эсепти толуктоо талап кылынып келген. Бүгүн биздин Kagan Invest аянтчабыз аркылуу катталуудан тартып биринчи сатып алууга чейин 10–15 мүнөт убакыт талап кылынат. Ошондой эле кардарлар эсепти сом менен толуктай алат жана анын минималдуу салымына чектөө болбойт. Факт боюнча инвестициялоонун эшиги өлкөнүн ар бир жараны үчүн ачык. Биз буга ITS менен өнөктөштүк аркылуу жетиштик. Аймакта мындай ликвиддүүлүк хабынын болушу Борбор Азиянын бардык профессионалдык катышуучуларынын дүйнөлүк рыноктогу позициясын бекемдейт» - деп билдирди, Royal Pure Gold компаниясынын башкы директору Арстанбек Абдикапаров.

Royal Pure Goldго туташуу – биздин Борбор Азиядагы катышуубузду кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Биз аймактагы инвесторлордун эл аралык рынокторго кызыгуусу өсүп жатканын көрүп жатабыз жана брокер-өнөктөштөр тармагын мындан ары кеңейтүүнү улантабыз. Биз үчүн Royal Pure Gold сыяктуу ишенимдүү жана кесипкөй өнөктөштөр менен иштөө чоң сыймык” - деп белгиледи, ITS башкармасынын төрагасы Чыңгыз Канапьянов.   

Кыргызстандык инвесторлор мындан эмне алышат? 

ITS инструменттеринин бардыгы эми жергиликтүү калк үчүн Kagan Invest аянтчасы аркылуу жеткиликтүү. Бул 3200дөн ашуун эл аралык инструменттер (анын ичинде 300дөн ашык ETF), технология тармагында, энергетика, саламаттык сактоо, финансы жана башка чөйрөөдөгү ири компаниялардын акциялары. Бул портфелди диверсификациялоого, тобокелдиктерди азайтууга жана дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө катышууга болгон реалдуу мүмкүнчүлүк берилет.

ITSтин маанилүү артыкчылыгы — узакка созулган соода сессиясы: 18 саатка жакын (Бишкек убактысы боюнча 11:00дөн 04:45ке чейин). Инвесторлор негизги жаңылыктарга, корпоративдик отчетторго жана борбордук банктардын чечимдерине реалдуу мезгил аралыгында таасир эте алат. Кимде ким портфель башкарууга тийиштүү болсо, мындай ийкемдүүлүк – абдан зарыл.   

Шариятка шайкештиги

Тегерек столдо дагы бир акцент - ITSтин өздүк индекстерине негизделген ITS World ETF флагманы (тикер: ITSW) жана ITS Shariah ETF (тикер: ITSS) жасалды. ITS World ETF - АКШ долларында номинацияланган жана Америка, Европа, Азиядагы 50 тандалган компаниянын акцияларына инвестициялоого мүмкүнчүлүк берет. 2025-жылы S&P 500 индекси 16,30%, ал эми Dow Jones 12,97% жогорулаган кезде, ITS World индексин көрсөткүчү 25,62% өскөн.

ITS Shariah ETF - Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы биринчи биржада соодаланган фонд, анын курамына шарияттын талаптарына жооп берген 30 ири дүйнөлүк компания кирет, аларга кирүү босогосу 10 $ бир аз жогору. 2025-жылы ITS Shariah индекси 23,6% га өсүп, S&P 500 индексинен бир кыйла ашып, ITS ислам продуктунун дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тастыктады. Ислам каржылары боюнча эксперт, ITS Shariah шариаттык кеңешинин мүчөсү Акжигит Кокоев ITS Shariah индексине кирген компаниялар көп баскычтуу текшерүүдөн өтөөрүн айтып берди.

“Эгерде эмитент шариаттын талаптарын аткарууну токтотсо – мисалы, анын карыз жүгү шариат стандарттары менен белгиленген босогодон ашып кетсе же анын бизнес профили тыюу салынган секторлорго өзгөрсө – ал кийинки индексти кайра баланстоодон чыгарылат” – деп билдирди, ITS Shariah шариаттык кеңешинин мүчөсү Акжигит Кокоев.

 Тегерек столдун алкагында ITS аналитика департаментинин директору Павел Пахомов эл аралык фондулук рынокко сереп салып, негизги дүйнөлүк тенденцияларды жана алардын Борбордук Азия рынокторуна тийгизген таасирин белгиледи. Ошондой эле ал инвесторлор азыркы рыноктун туруксуздугу шартында стратегияларды кантип түзүп жана портфелдерин кантип тең салмакта кармай ала тургандыгы боюнча практикалык сунуштарды берди.

“ITSке туташуу - Royal Pure Goldдун кыргыз инвесторлорунун дүйнөлүк рынокко жетишин кеңейтүү стратегиясынын логикалык уландысы. Бул стратегиянын алкагында Royal Pure Gold – АЭФБнын (Астана эл аралык финансы борбору) - Recognised Non‑AIFC Member (RNAM) статусун алган Кыргызстандагы биринчи брокер болуп калды – дейт, Павел Пахомов.

RNAM статусу - бул жогорку эл аралык стандарттарга шайкештикти тастыктаган жана Астанада кеңсе ачпастан, АЭФБ инфраструктурасына кирүүгө мүмкүндүк берген жөнгө салууну таануу болуп саналат.

💡
Royal Pure Gold - 2017-жылы негизделген кыргызстандык инвестициялык компания. Ал дүйнөдөгү ири фондулук биржаларда соода кылууга мүмкүнчүлүк берет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан брокердик, дилердик жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруунун лицензиясына ээ. Ал Кыргыз фондулук биржасынын соода сатыкта катышуучусу, АЭФБнын RNAM статусун алган Кыргызстандагы биринчи брокер болуп саналат.
💡
ITS – АЭФБнын юрисдикциясында иштеген соода аянтчасы. ITS инвесторлорго АКШда жана Казакстанда тизмеленген 3200дөн ашык дүйнөлүк рыноктогу инструменттерди сунуштайт. ITS тарабынан иштелип чыккан уникалдуу продукттардын катарында - менчик индекстердеги биржалык фонддор жана Нью-Йоркто соода башталганга чейин IPOго кирген компаниялардын акцияларын сатууга мүмкүнчүлүк берет. 2025-жылы ITS рекорддук натыйжаларга жетишти: сооданын жалпы көлөмү 14 млрд $ ашты, бул 2024-жылдагы көрсөткүчкө караганда 70 эсе көп. Соодага мүмкүнчүлүк алган инвесторлордун саны 1,2 млн ашып, бул аянтча менен алты өлкөдөн – Казакстан, Армения, Болгария, Кипр, Кыргызстан, Оман жана Түштүк Африка Республикасынан – 19 катышуучу иштеди.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"