2026-жылдын январь айында өлкө экономикасында өсүш белгиленди
КРнын ички дүң продукциясы 2026-жылдын январь айында, алдын ала баалоо боюнча - 125,7 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь айларына салыштырмалуу 9,0 % өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө караганда, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу химиялык продукцияны (38,9%), транспорт каражаттарын (36,1%), тазаланган мунай продуктыларын (21,1%), тамак-аш продуктыларын (13,6%) жана башка турмуш тиричиликке зарыл болгон өндүрүүнүн көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз кылды.
Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, анын өсүшү 25,7% түздү, дүң жана чекене соодада – 21,1%, ошондой эле айыл чарбасында - 3,5 % түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы 0,8% түздү. Мында тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,0 %, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 0,8 %, азык-түлүк эмес товарларга – 0,5 % жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине – 0,7% жогорулаганы белгиленди.
