Жыл башынан бери республиканын бардык аймактарында баалар жогорулады
2026-жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. Анын өсүшү жалпы 0,8 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, баалардын эң жогорку өсүшү (1,3%) Баткен облусунда катталды, бул калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин жогорулашынын (2,6%) эсебинен болгон.
Ал эми тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын жогорулашы (1,4%) Бишкек шаарында катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң жогорку өсүшү (1,2%) Жалал-Абаб облусунда болду.