“Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун ачылышы болду

“Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун ачылышы болду

Бүгүн, 18-февралда КРнын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун ачылыш аземи болду.

 Анын жүрүшүндө өлкө башчы, акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы инфратүзүм толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын билдирди.

Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол – “Ала-Арчага” келген жарандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк. Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Доппел майер” компаниясы тарабынан курулду. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатышат. Биз бул асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу “Ала-Арчаны” комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз” - деп билдирди президент.

С.Жапаровдун айтымында, экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат.  Ошону менен бирге, азыр заманбап родельбан курулуп жаткандыгы, мындан тышкары, бассейни менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү да каралып жаткандыгын айтты.

“Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында “Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси олуттуу өскөнүнө токтоло кетейин. Эгерде 2020-жылы парктын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул — киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт” – деп билдирди мамлекет башчы.

 Мындан сырткары, өлкө башчы күч түзүмдөрүнө кайрылып, “мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула” – деп эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"