Эмгек келишими жок иштөөнүн кандай коркунучтары бар?

Эмгек келишими жок иштөөнүн кандай коркунучтары бар?

Эмгек укугу боюнча эксперт Эльдар Таджибаев эмгек келишими жок иштөөнүн тобокелдиктери тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, эң көп кездешкен суроолор жана көйгөйлөрдүн бири — бул расмий эмес иш менен камсыз болуу. Башкача айтканда, кызматкер эмгек келишимин түзбөй, киреше салыгын жана Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүлбөй иштөөсү.

Мындай жагдай - көмүскө, мыйзамсыз же расмий эмес иш менен камсыз болуу, деп аталат.

“Мындай учурда иш берүүчү да, кызматкер да жеңишке жетпейт. Айрыкча кызматкер зыян тартат. Анткени анын эмгек укуктары корголбойт, жумуш ордунун туруктуулугу жана коопсуздугу камсыздалбайт, айлык акыны алуу боюнча кепилдиги жок болот. Социалдык фондго төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүктөн, бул келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө да түздөн-түз таасирин берет”- дейт эксперт.

Эльдар Таджибаевдин айтымында, мыйзамсыз иш бергенде, иш берүүчү үчүн да чоң тобокелдиктер бар. Бул — айып пулдар, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү кайра эсептөө ж.б. Эгер компанияда бир кызматкер расмий эмес иштеп жүргөнү аныкталса, орточо эсеп менен жылына 300–350 миң сомго чейин жоопкерчилик каралышы мүмкүн.

“Мындай учурлар практикада көп эле кездешет. Мисалы, бир медициналык борбордо дарыгер расмий каттоосуз иштеген. Ал өзү жумуш берүүчүгө келип, эмгек келишимин түзбөй иштөөнү суранган. Анткени айлыгынан кошумча төлөмдөр кармалып калбасын деген. Бирок 2–3 жылдан кийин башка жумушка орношууга барганда, андан эмгек стажын тастыктоо талап кылынган. Ал эми мурдагы жумуш берүүчү анын расмий иштебегенин билдирип, эч кандай тастыктоо берген эмес. Натыйжада кызматкер тиешелүү органдарга арыз менен кайрылып, жыйынтыгында медициналык борбордун жетекчиси 2,5 жыл үчүн жалпы 700 миң сомго жакын чыгым тарткан”- деп билдирди эмгек укугу боюнча эксперт.

Адистин айтымында 700 миң сомдун ичине айып пулдар, салыктарды кайра эсептөө, өргүү төлөмдөрү жана күнүнө 0,25% өлчөмүндөгү туумдар кирген.

Эксперттердин айтымында, мыйзамдуу түрдө иштөө — кызматкердин да, иш берүүчүнүн да укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун эң ишенимдүү жолу болуп эсептелет.

0:00
/2:28

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media