Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жамаатына жаңы төрага тааныштырылды
Кечээ Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жамаатына жаңы төрага — Айбек Мамыралиевди тааныштырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Тааныштыруу учурунда ведомствонун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары белгиленип, ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө приоритет катары көрсөтүлдү.
Айрыкча социалдык маанилүү товарлардын баасын көзөмөлдөө маселесине көңүл бурулуп, рынокторго мониторингди күчөтүү, баалардын негизсиз өсүшүнө жана жашыруун баа макулдашууларына жол бербөө тапшырмасы коюлду.
Беназир Нурланова жаңы жетекчинин кесипкөй тажрыйбасы жана башкаруучулук жөндөмдөрү кызматтын ишин натыйжалуу уюштурууга жана атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган системалуу иштерди ишке ашырууга шарт түзөрүн белгиледи.

