Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Талас шаарында региондогу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен көчмө эксперттик жолугушуу өткөрүлүп, анда системалуу тоскоолдуктар талкууланып, 2030-жылга чейинки Чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү программасына сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Талкуунун негизги багыты жеке менчикти коргоо, административдик бөгөттөрдү жоюу жана бизнестин туруктуу өсүшүнө шарт түзүү маселелерине арналды.

Ишкерлер көтөргөн негизги маселелер:

  • менчик укугун коргоо жана мурда таризделген укуктарды кайра кароого мораторий киргизүү;
  • жеңилдетилген насыя алууда бюрократияны кыскартуу;
  • ККМ жана POS-терминалдар аркылуу каражаттардын эсепке кеч түшүшү;
  • чакан бизнес үчүн салык отчеттуулугун жөнөкөйлөтүү;
  • продукцияны сертификациялоо үчүн регионалдык лабораториялардын жетишсиздиги.
Талас облусунда өнүгүү үчүн артыкчылыктуу багыттар катары мал чарбачылыгы жана кайра иштетүү, өсүмдүк өстүрүү, адистешкен нишалар (балчылык, балык чарбачылыгы, сувенир өндүрүшү), ошондой эле туризм жана мейманкана бизнеси аныкталды.

Жумушчу топтун эксперттери – ПРООН тарабынан Муктар Жумалиев жана ОБСЕ тарабынан Э. Жумабаев – бардык сунуштарды катташты. Алардын негизинде ЧОИ–2030 программасына сунуштар интеграцияланып, Талас облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media