ЭВФ башчысы инфляция коркунучу тууралуу эскертти
ЭВФ башчысы Кристалина Георгиева Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам инфляциялык басым күчөшү мүмкүндүгүн айтып, бул дүйнөлүк экономикалык өсүштү да жайлатышы ыктымаал, деп эскертти. Мындай билдирүүнү РИА Новости жазып чыкты.
“Эреже катары биз мунайдын баасы 10% га жогоруласа жана бул өсүш жылдын көп бөлүгүндө сакталса, дүйнөлүк инфляция болжол менен 40 базистик пунктка жогорулап, дүйнөлүк өндүрүш 0,1–0,2% га төмөндөй турганын көрөбүз”, — деди Георгиева.
ЭВФ башчысынын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам маанилүү мунай-газ объектилери жабыркады жана ишин токтотту, ал эми Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташууларынын көлөмү 90% га чейин кыскарып, экономикалык туруктуулук кайрадан сыноого туш болду.
Дүйшөмбү күнү соода ачылганда Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 119 $ жогору көтөрүлдү. Бул көрсөткүч акыркы жолу 2022-жылдын 17-июнунда катталган эле. Ошол эле учурда WTI (Америкалык WTI үлгүсүндөгү мунай) 119 доллардан ашып, 2022-жылдын 15-июнунан берки эң жогорку деңгээлди көрсөткөн. Бул тиешелүүлүгүнө жараша, болжол менен 29% жана 31% өсүштү билдирет. Кийинчерээк баалар бир аз төмөндөп, Brent үчүн баррелине 106 долларга, WTI үчүн 101 долларга чейин түшүп, өсүш 15% жана 12% деңгээлинде болду.
Эске салсак, АКШ жана Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Иран дагы жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урган.
Жаңжал күчөгөндөн улам Ормуз кысыгы аркылуу деңиз ташуулары дээрлик токтоп, камсыздандыруу компаниялары камсыздандыруу төлөмдөрүн жогорулатып, шарттарын кайра карап чыгууда. Бул кысык Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги маршрут болуп саналат. Дүйнөдөгү мунай, мунай продуктылары жана СЖГ (суюлтулган жаратылыш газы) жеткирүүлөрүнүн болжол менен 20% дал ушул жол аркылуу өтөт.