Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү инфляциялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты тууралуу маалымат берип, керектөө бааларынын индексине таасир эткен ички жана тышкы факторлорго талдоо жасады.
Талкууда баалардын туруктуулугун сактоо үчүн фискалдык жана монетардык саясаттын координациясымаанилүү экени белгиленди. Данияр Амангелдиев жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу Министрлер Кабинетинин негизги приоритеттеринин бири экенин айтты.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугуна жана ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга көңүл буруу тапшырылды.
Ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды өз убагында аткаруу үчүн ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленди.