ЖК комитети электрондук акчаларды мурастоо маселесин талкуулады
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында электрондук акчаларга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуу учурунда депутат Улан Примов Жарандык кодекске жана электрондук акчанын эмитентине байланыштуу "Төлөм системасы жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө көңүл бурду. Депутат Дастанбек Жумабеков "электрондук акча" түшүнүгүнүн укуктук аныктамасы боюнча суроо көтөрдү.
Ал эми депутат Дастан Бекешев электрондук акчаларды Жарандык кодекстин 22-беренесине киргизүүнүн зарылдыгы жана максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени тактады. Депутаттар Исманали Жороев, Таалайбек Сарыбашов жана Уланбек Жаанбаев электрондук акчаларды мурастоо боюнча сунушталган ченемдерге байланыштуу суроолорду беришти.
Ошондой эле комитет "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.