Ак ниет ишкерлеринин Реестрине кайсы компаниялар өттү, кимдер четте калды?
Экономика жана коммерция министрлигинде Ак ниет ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, комиссиянын кароосуна ишкерлерден 44 арыз келип түшкөн. Жыйындын жүрүшүндө айрым компаниялар белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен четке кагылды. Талаптар Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген жобого ылайык аныкталган.
Реестрге кирген компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайттарында жарыяланат.
Белгилей кетсек, реестрге кирген ишкерлер бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Аларга мамлекеттик телеканалдарда акысыз эфир убактысы, салык кызматтарын кезексиз алуу, эл аралык иш-чараларга акысыз катышуу, үч жылга пландуу текшерүүлөрдөн бошотулуу жана жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүк кирет.
Ошондой эле ишкерлер өз продукцияларына "Ак ниет ишкер" белгисин колдонууга укук алышат.