Кыргызстандан Россияга 20,7 тонна сабиз экспорттолду
Кыргызстандан Пермь крайына 20,7 тонна сабиз жеткирилип, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы тарабынан текшерүүдөн өтүп, сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Жүк “Россельхознадзор” жана Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, карантиндик зыянкечтер жок экени жана документтеринин талапка ылайык экени тастыкталды.
Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилинде Пермь крайына Кыргызстандан мындай продукция жеткирилген эмес.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы тармактын тышкы соода жүгүртүүсү 22%га өсүп, 186,1 млрд сомду түзгөн. Экспорт 33,0 млрд сомго жетип, анын ичинен өсүмдүк өндүрүмдөрү 7,0 млрд сомду түздү.
2025-жылы сабиздин экспорту 8 405 тоннаны түзүп, негизги бөлүгү Россияга (4 546 т), Өзбекстанга (2 610 т) жана Тажикстанга (849 т) жөнөтүлгөн.
2026-жылдын башынан бери 1 013 тонна сабиз экспорттолуп, анын 902 тоннасы Россияга, 111 тоннасы Казакстанга жөнөтүлгөн.
Министрлик экспортто фитосанитардык жана товардык документтерди туура тариздөөнү эскертет.