Сабиз арзандап, жумуртка кымбаттады – базардагы акыркы өзгөрүүлөр

Сабиз арзандап, жумуртка кымбаттады – базардагы акыркы өзгөрүүлөр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 18-мартына карата Кыргызстанда, ошондой эле Россия жана Казакстанда негизги азык-түлүк товарларына баа мониторингин жүргүздү.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда жумуртка (1,1%), сүт (0,7%), уй эти (0,2%), импорттолгон буудай уну жана нан (0,1%) баалары жогорулаганы аныкталды. Ошол эле учурда сабиз (1%), картошка (0,8%), баш пияз (0,6%), өсүмдүк майы (0,6%), кумшекер (0,3%), кой эти жана жергиликтүү буудай уну (0,2%) арзандаганы байкалды.

Казакстанда каймак май (33,8%), картошка (13,1%), буудай уну (0,7%), кой эти (2,9%), өсүмдүк майы (2,7%), сүт (2,2%) жана макарон азыктарынын айрым түрлөрү кымбаттаган. Ал эми күрүч (14,3%), нан (13,5%), сабиз (9,6%), уй эти (4,7%) жана башка айрым азыктар арзандаган.

Россияда буудай уну (4,7%), жумуртка (2,7%), сабиз (2%) жана картошка (0,2%) баалары жогорулаган. Ошол эле учурда каймак май (4,4%), өсүмдүк майы (3,7%), сүт (3,6%), эт азыктары жана күрүч, макарон, кумшекер, баш пияз сыяктуу товарлардын баасы төмөндөгөн.

Министрлик азык-түлүк бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

20 миллион сомго жакын алдамчылык кылган шектүү кармалды

20 миллион сомго жакын алдамчылык кылган шектүү кармалды

Кыргызстанда 20 миллион сомдон ашык зыян келтирген ири алдамчылык схемасы ашкереленгенин ИИМ билдирди. Милицияга кайрылган жаран 2026-жылы "Феникс" компаниясынын өкүлү ишенимине кирип, бир жыл ичинде кешбэк төлөп беребиз деген шылтоо менен андан 34 миң 500 сом алганын билдирген. Милдеттенмесин аткарбастан, аял из жашырып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза

Маяна көтөрүлгөндөн кийин дарыгерлер канча айлык акы алышат?

Маяна көтөрүлгөндөн кийин дарыгерлер канча айлык акы алышат?

Бүгүнкү күндө ар бир дарыгердин базалык кызматтык айлык акысына кошулуучу коэффициент 2,4тү түзөт. Ошондо базалык кызматтык айлык акысы 16 сом 896 сом. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, 1-апрелден тарта коэффициенти 3,85ке

Кыргызстандын 52 миңдей роза көчөтү Россия чек арасынан артка кайтарылды

Кыргызстандын 52 миңдей роза көчөтү Россия чек арасынан артка кайтарылды

Россиянын Челябинск облусунда роза көчөттөрүнүн ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулганын Россия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы билдирди. Жүк "Бугристое" өткөрмө пунктунда кармалган. Салмагы 9,3 тонна болгон партия Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөнү менен, текшерүүнүн жыйынтыгында анын келип чыгышы Өзбекстанга тиешелүү экени аныкталган. Текшерүү учурунда

ОшМУ артишокту өстүрүп андан БАД чыгара баштайт

ОшМУ артишокту өстүрүп андан БАД чыгара баштайт

Ош мамлекеттик университетинде тикенектүү артишок өстүрүү жана андан биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) өндүрүү боюнча стартап-проект иштелип чыккан. Бул демилге "Студенттик стартап — 2025" республикалык сынагынын жеңүүчүсү болуп, 800 миң сомго жакын грант алган. Университеттин басма сөз кызматы маалымдагандай, долбоор медициналык факультеттин фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын жамааты тарабынан