Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?
Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди.
Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыкты кошумча эсептөө маселеси талкууланды. Ишкерлер негизги маселелердин бири катары мал сатып алуу наркын тастыктаган документтердин жоктугун белгилешкен. Мунун кесепетинен салык органдары киреше салыгын продукциянын толук сатуу суммасынан эсептеп, кошумча жүк жаратып жатканын айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алмамбет Шыкмаматов кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөнү сунуштады. Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого алынды.
Салык кызматынын төрагасы ишкерлерди колдоо өлкө экономикасынын туруктуулугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, адилеттүү салык салуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу негизги багыт бойдон каларын кошумчалады.