Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады
Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты.
Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика, өнөр жай, машина куруу жана агроөнөр жай комплекси боюнча кызматташууга көңүл бурулду.
Тараптар инвестицияларды тартуу, жаңы технологияларды киргизүү жана жумуш орундарын түзүү багытында биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.