Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды. Айрыкча, Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу отчетторду толтуруу жана тапшыруу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Эске салсак, өзгөртүүлөр КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы токтомуна ылайык киргизилген. Жаңы тартип боюнча, кен казууда жылдык план 90%дан төмөн аткарылса, жетишпеген көлөм үчүн жыйым 1-мартка чейин төлөнүп, 2-мартка чейин отчет тапшырылат. Ал эми издөө, чалгындоо жана долбоорлоо иштеринде эсеп 1-апрелге чейин берилет, төлөмдөр ай сайын жүргүзүлөт. Эгерде лицензия кыска мөөнөткө берилсе, жыйым реалдуу пайдалануу мөөнөтүнө жараша эсептелет жана зарыл учурда такталган эсептерди берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

 Салык кызматы мындай чаралар отчеттуулукту жеңилдетип, ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына