2025-жылы 62% микрокредиттер керектөө муктаждыктарына жумшалган
2025-жылы Кыргызстанда микрокредит берүү көлөмү өсүп, негизги бөлүгү керектөө муктаждыктарына багытталганы белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, микрокредиттик уюмдар тарабынан 2025-жылы жалпысынан 86 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген. Ал эми алуучулардын саны 1,68 млн адамга жеткен. Бул көрсөткүчтөр 2024-жылга салыштырмалуу олуттуу өсүштү көрсөтөт: алуучулардын саны 1,5 эсеге, ал эми берилген каражаттын көлөмү дээрлик 32%га көбөйгөн.

Аймактар боюнча алып караганда, микрокредит алуучулардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына туура келет — 36%дан ашыгы. Андан кийин Ош облусу (13%га жакын), Жалал-Абад (11%га жакын) жана Чүй облусу (9%дан ашык) орун алган. Ошол эле учурда берилген каражаттын көлөмү боюнча да Бишкек шаары алдыда — жалпы сумманын 28,5%ы ушул аймакка туура келет. Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары да ири үлүшкө ээ.

Тармактык бөлүштүрүүдө микрокредиттердин басымдуу бөлүгү — 62%га жакыны — керектөө максаттарына пайдаланылган. Айыл чарба тармагына берилген насыялар 15%ды түзсө, соода жана коомдук тамактануу тармагына 10%дан ашыгы туура келген.