Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда
Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды.
Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и колдонулууда. Жалпы 210 шилтеме ченем каралып, анын 14ү боюнча ченемдик актылар али кабыл алына элек. Жалпы аткаруу деңгээли 93%ды түзөт.
Ошондой эле жыйында химиялык заттардын реестрин түзүү, курулуш материалдары боюнча техникалык регламент иштеп чыгуу, транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору жана шашылыш кызматтарды чакыруу системалары, ошондой эле алкоголдук продукцияга байланышкан талаптар талкууланды.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдарга техникалык регламенттерди ишке ашырууну күчөтүү, тиешелүү долбоорлорду талкуулоого активдүү катышуу жана улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү сунушталды.
