Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт
Жашыл экономиканы институционалдаштыруу жана заманбап аналитикалык инструменттерди киргизүү маселелерине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага илимий-изилдөө мекемелеринин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, кесиптик диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашты.
Конференциянын жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, туруктуу саясатты калыптандыруу жана заманбап аналитикалык ыкмаларды колдонуу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана аймактык деңгээлде биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты. Ошондой эле катышуучулар күч-аракеттерди бириктирүү жана диалогду улантуу зарылдыгын белгилешти.
Уюштуруучулардын айтымында, конференция жашыл экономика күн тартибин илгерилетүү жана макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн натыйжалуу аянтча болду.
