Алмамбет Шыкмаматов: Кыргызстанда 450 миңге жакын жарандын салык карызы бар

Алмамбет Шыкмаматов: Кыргызстанда 450 миңге жакын жарандын салык карызы бар

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын таанылган салык карызы болгон учурда банк эсептеринен акча каражаттарын эсептен чыгаруу тартиби тууралуу “Биринчи радио” жана "Ала тоо 24" телеканалына түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө болжол менен 450 миңге жакын жаранда салык карызы бар. Негизги себептердин бири жоопкерчиликтин төмөн деңгээли жана салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбоо болуп саналат.

2026-жылдын 1-январынан тарта таанылган салык карызын өндүрүүнүн жаңыланган механизми киргизилген. Ага ылайык, карыз болгон учурда жаранга SMS-билдирүү жөнөтүлөт, жашаган жери боюнча жазуу түрүндө билдирүү берилет, ошондой эле электрондук кызматтар аркылуу да кабарланат. Мында карызды ыктыярдуу түрдө төлөө же аны мыйзамда белгиленген тартипте талашуу үчүн бир айлык мөөнөт каралган. Эгерде салык төлөөчү билдирүүлөрдү эске албай, белгиленген мөөнөт ичинде чара көрбөсө, анда банктык эсептен акча каражаттары өндүрүлөт – деп билдирди Алмамбет Шыкмаматов.

Анын айтымында мындай практика өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө колдонулат. Ал эми мурдагы системада материалдар мажбурлап өндүрүү үчүн сот аткаруучуларына өткөрүлүп берилип келген. Бул өз кезегинде мүлктү камакка алууга, өлкөдөн чыгууга чектөө коюуга, ошондой эле кошумча чыгымдарга карыз суммасынын 20% чейин сот аткаруучунун акысы катары төлөөгө алып келчү. Мындан тышкары, карыз узак убакыт төлөнбөсө, туум эсептелип, карыздын көлөмү кыйла көбөйчү.

Жыйынтыгында, Салык кызматы бул жагдайды жеңилдетип, банк эсептеринен акча каражаттарын эсептен чыгаруу тартибин киргизген. Ага ылайык, жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, ачык-айкындуулук жана адилеттүүлүк жогорулады, ошондой эле салык карыздарын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө шарт түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Парламент ишкерлер менен тыгыз кызматташат

Парламент ишкерлер менен тыгыз кызматташат

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өткөнүн парламенттен билдиришти. Жыйынга төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.  Төрага аталган Кеңеш 2017-жылы бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерликти колдоого алуу максатында түзүлгөнүн эске салды. Ошону менен катар өлкө

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.