Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Мониторингдин жүрүшүндө товарлардын баасынын өзгөрүү себептерине талдоо жасалып, социалдык маанилүү товарларга өзгөчө көңүл бурулууда. Адистер баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында көзөмөл жүргүзүп жатышат.
Ошондой эле сатуучулар арасында соода эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Ишкерлерге баа кагаздарын сатып алуучуларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу милдеттүү экендиги эскертилүүдө.
Бул чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Иштер Ош шаарынын мэриясы жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө.

