Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган актуалдуу чаралар каралды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен катар айыл чарба жана тамак-ашты кайра иштетүү тармагындагы 33 ишкананын жана экспорттоочулардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында министрлик тарабынан Кытай Эл Республикасы менен экспорт жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана CIFER системасы менен иштөө тартиби боюнча маалымат берилди. Ал эми "Кыргыз Экспорт" ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Европалык Биримдиктин REX системасынын иштөө механизмин тааныштырышты. Ошондой эле талкууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында тараптар экспорттун көлөмүн көбөйтүү, ата мекендик продукциянын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бул багыттагы кызматташууну күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.