Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрү Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрү Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагынын өкүлдөрү "Экспорттук акселерация" программасынын алкагында Өзбекстанда өтүп жаткан үч күндүк бизнес-миссияга катышууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чараны Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү, "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси жана Текстилди өнүктүрүү борбору уюштурган.

Бизнес-миссияга экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө кызыкдар болгон 35тен ашык ишкананын 52 өкүлүкатышууда. Программанын негизги максаты – эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн Өзбекстандын рыногуна чыгуусуна көмөктөшүү.

Иш-чаранын алкагында делегация даяр кийим өндүрүүчүлөрүн бириктирген TFT Expo 2026 B2B эл аралык көргөзмөсүнө катышып, тармактагы жаңы тенденциялар менен таанышты жана потенциалдуу өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мындан тышкары, кыргызстандык ишкерлер Өзбекстандын ири маркетплейстеринин бири Uzum Marketкомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анын логистикалык борборунун иши менен таанышышты. Анда кыргыз продукциясын онлайн-платформа аркылуу сатуу жана жайгаштыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле бизнес-миссиянын жүрүшүндө төрт кыргызстандык ишкерге Өзбекстанда юридикалык жактарды каттоодо көмөк көрсөтүлдү. Бул аларга өлкөдө ишмердүүлүгүн баштап, продукциясын Uzum Market аркылуу сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Программанын алкагында делегациянын өкүлдөрү Өзбекстандын "Уз Текс" жана Indigo Garments сыяктуу ири текстиль ишканаларына барып, өндүрүш процесси жана тармактагы тажрыйба менен таанышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media