Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Мамлекеттик лизинг компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Жашыл каржылоо фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, компаниянын маалыматына ылайык, документ жашыл лизинг инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес үчүн заманбап каржылык чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Меморандумга Мамлекеттик лизинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Амантур Өмүров жана Жашыл каржылоо фондунун башкармалыгынын төрагасы Санжар Муканбетов кол коюшту.

Тараптардын кызматташтыгынын негизги багыттары:

  • чакан жана орто бизнести колдоо;
  • энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык долбоорлорду каржылоо;
  • заманбап технологияларды жайылтуу;
  • Кыргызстандын жашыл экономикасын өнүктүрүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен жол картасын иштеп чыгып, жашыл каржылоо тармагындагы жаңы демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу