Кыргызстанда курулуп жаткан жер семирткич заводу үчүн адистер Кытайда даярдалат

Кыргызстанда курулуп жаткан жер семирткич заводу үчүн адистер Кытайда даярдалат

Кыргызстандын делегациясы Кытай Эл Республикасында жер семирткич өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулап, келечектеги завод үчүн адистерди даярдоо боюнча макулдашууларга кол койду.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапар Министрлер Кабинетинин буйругу менен түзүлгөн Кыргызстанда жер семирткич өндүрүүчү завод куруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында уюштурулду. Делегацияны Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу жетектеди.

Пекин шаарында мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өтүп, Кыргызстанда жер семирткич өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле делегация Кытайдын Ички Монголия автономдуу районунда көмүрдөн жер семирткич өндүргөн ири ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, Кыргызстанда курулуп жаткан жер семирткич өндүрүүчү заводдо эмгектене турган адистерди Кытайда окутуу жана өндүрүштүк тажрыйбадан өткөрүү боюнча кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюлду.

Министрликтен белгилешкендей, бул демилге келечектеги ишкананы квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга жана заманбап өндүрүштүк технологияларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media