Кыргызстанга мобилдик медициналык клиникалар ноябрда өткөрүлүп берилет

Кыргызстанга мобилдик медициналык клиникалар ноябрда өткөрүлүп берилет

Кыргызстанда Король Абдулланын гуманитардык жардам фонду тарабынан каржыланган мобилдик көп тармактуу медициналык клиника долбоорунун жыйынтыктары жана медициналык комплекстерди өткөрүп берүү маселеси талкууланды.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 28-июлда Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондунун (KAHF) Башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда долбоордун учурдагы жыйынтыктары, анын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана 2026-жылдын ноябрь айында мобилдик медициналык комплекстерди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү маселелери каралды.

Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондуна жана Ислам өнүктүрүү банкына саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан аталган банк менен көп жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келерин белгиледи.

Анын айтымында, учурда Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен өлкөдө 36 социалдык-экономикалык долбоор ишке ашырылууда. Анын ичинен 23 долбоор аяктап, 8 долбоор ишке ашырылып жатат. Дагы 5 жаңы долбоор даярдоо баскычында.

Жолугушуунун соңунда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media