Ошто Улуу Британия менен инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү маселеси талкууланды
Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин аймактык экономикалык өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушту.
Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Ош шаарынын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле аялдар менен жаштардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар Ош шаары менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдеп, өз ара пайдалуу диалогду улантуу боюнча макулдашышты.


