Салык кызматы: Фискалдык система пилоттук долбоордо оң жыйынтык көрсөттү

Салык кызматы: Фискалдык система пилоттук долбоордо оң жыйынтык көрсөттү

Мамлекеттик салык кызматы 31-июлда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жыйынтыктайт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, пилоттук долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларында коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкердик субъекттеринин катышуусунда жүргүзүлдү.

Жалпысынан 1,3 миңден ашык ишкердик субъект интеграциялоону ийгиликтүү аяктап, 2 миңден ашык объект системага кошулду.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун жыйынтыгында салыктык башкарууну жакшыртуу жана акчалай эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча оң көрсөткүчтөргө жетишилди.

Тактап айтканда, пилоттук долбоордун катышуучуларынын орточо суткалык түшкөн каражаты 2025-жылдын январь–июнь айларындагы 89,6 миң сомдон 2026-жылдын ушул эле мезгилинде 153,4 миң сомго чейин көбөйүп, өсүү 171,3%ды түзгөн.

Учурда Салык кызматы Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ФПКны этап-этабы менен киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо.

Белгиленгендей, тиешелүү ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенге чейин пилоттук долбоордун катышуучулары ФПКны мурдагы тартипте колдоно беришет.

Ал эми 2026-жылдын 1-августунан тартып фискалдык программалык камсыздоо үзгүлтүксүз режимде иштеп, фискалдык маалыматтарды салык органдарынын маалыматтык системаларына автоматтык түрдө өткөрүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду

Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду

2026-жылдын июль айында Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий статистикалык маалыматтарында чагылдырылган. Маалыматка ылайык, агып келген каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Алардан Кыргызстанга 262,1 млн доллар которулган. Анын болжол менен 95%ы Россияга (253,

Ишкер Media
Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди

Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди

Борбор калаада транспорт жана шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаарга кондиционери бар 95 автобус чыкты, 41 акылдуу светофор орнотулду, 20 чакырым тротуар курулду. Транспорттук жол айрыктардын, 1 көпүрөнүн жана 7 жер астындагы өтмөктүн курулушу жүрүп жатат. 156 көчөдө асфальттоо иштери башталса, анын

Ишкер Media
DemirBank ЕРӨБдүн колдоосу менен кредиттик келишимге кол койду

DemirBank ЕРӨБдүн колдоосу менен кредиттик келишимге кол койду

14-сентябрда Бишкек шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) биргелешип каржылоо программасынын алкагында "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол коюлду. DemirBank менен "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсы компаниянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү каржылоону караган өнөктөштүк келишимин түзүштү. Каржылоо "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсынын

Ишкер Media
Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрацисынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы, реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешти. Алар Кыргызстанга жана

Ишкер Media