Кыргызстандын мал чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө

Кыргызстандын мал чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттук потенциалды кеңейтүү боюнча оң көрсөткүчтөргө жетишилди. Учурда Кытайга продукция экспорттоого 45, Өзбекстанга 54, Европа Биримдигине 71, Түркияга 13 жана Россия Федерациясына 19 ишкана катталган. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы менен эт, субпродукт жана тери экспорттоо боюнча протоколдорду макулдашуу иштери уланууда.

Мал чарбасын асылдандыруу багытында республика үчүн 270 миң доза сапаттуу уруктук материал сатылып алынып, өлкө боюнча 302 жасалма уруктандыруу пункту иштеп жатат. Электрондук реестрге 232 асыл тукум субъект киргизилип, жарым жыл ичинде 46 миң 820 баш уй жасалма жол менен уруктандырылган.

Санариптештирүүнүн алкагында ветеринардык уруксат документтери электрондук форматта берилип, 2026-жылдын 15-июнунан тартып "Тулпар" маалыматтык системасы Россия Федерациясынын "Меркурий" системасы менен интеграцияланган. Мындан тышкары эпизоотиялык очокторду каттоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн "СУМО" геомаалыматтык системасы ишке киргизилди.

Кызматтын маалыматына ылайык, алдыдагы мезгилде эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоо, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, малды идентификациялоону кеңейтүү, жасалма уруктандыруу иштерин көбөйтүү жана деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү негизги багыттардын бири болуп калат.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media