Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Ошондой эле кыргызстандык экспорттоочулар менен түрк импорттоочуларынын ортосунда түз ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар байланыш маалыматтары менен алмашып, түз кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Мындан тышкары, "Агрокластер Мөмө-жемиштер" ассоциациясы менен түрк тарап кыргызстандын мөмө-жемиш продукциясын жеткирүү боюнча экспорттук келишимдерди түзүүгө ниет билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул кызматташтык мөмө-жемиш өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкөнүн ортосундагы соода алакаларын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media