Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

Равшанбек Сабиров Улуттук агенттик эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана Гонконгдун финансылык институттары менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштарын айтышты.

Тараптар ошондой эле өнөр жай, инфраструктура, кайра жаралуучу энергетика, логистика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар диалогду улантуу жана сунушталган инвестициялык демилгелерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол