Нарында алты айда 1 млрд 171,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Нарында алты айда 1 млрд 171,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Нарын шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, алты ай ичинде 1 млрд 171,1 млн сомдук өнөр жай продукциясыөндүрүлүп, өсүү темпи 117,5% болду.

Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 107,6% аткарылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 142,7%ды түздү. Анын ичинен республикалык бюджет 114,1%, ал эми жергиликтүү бюджет 101,3% аткарылган.

Учурда Нарын шаарында жалпы баасы 7 млрд 810,2 млн сомду түзгөн 43 курулуш жана оңдоп-түзөө объектиси ишке ашырылууда.

Алардын ичинен 12 объект республикалык бюджеттин, 5 объект Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун, 4 объект Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун, 8 объект инвесторлор менен демөөрчүлөрдүн, ал эми 14 объект жергиликтүү бюджет жана донорлордун эсебинен каржыланууда.

Жыйындын жүрүшүндө ички жолдорду тейлөө, шаардын санитардык тазалыгы, жашылдандыруу, таза суу жана саркынды суу системаларынын иши, муниципалдык менчикти башкаруу, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, спорт жана маданият тармактарынын жыйынтыктары каралды.

Жыйындын соңунда Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана белгиленген милдеттерди өз убагында аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик