Пластик менен текстиль калдыктарын кайра иштеткен ишканалар текшерилди

Пластик менен текстиль калдыктарын кайра иштеткен ишканалар текшерилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды лицензиялоо жана колдоо иштерин жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар циркулярдык экономиканы өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасын киргизүү жана кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрин түзүү максатын көздөйт.

Лицензия алдындагы көзөмөлдүн алкагында картон, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштеткен, ошондой эле полимердик баштыктарды чыгарган "Алтын Ажыдаар", "Эллегия", "Ак-Кайын", "Профикс-Юг", "Дукастомс" жана "Датка Кей Джи" ЖЧКларына текшерүү жүргүзүлдү.

Бул ишканалар макулатура менен картон калдыктарын таңгактоочу кагазга жана гофрленген картонго айлантат. Текстиль калдыктарынан термокийиз, килем жана башка тиричилик буюмдары өндүрүлөт.

Ал эми ПЭТ бөтөлкөлөрүнөн экспортко жөнөтүлүүчү флекс даярдалат. Полимердик калдыктардан чака, пластик түтүк, щетка жана башка чарбалык буюмдар чыгарылат.

Министрлик кайра иштетилүүчү калдыктардын түрүн көбөйтүү, жашыл долбоорлорду колдоо, мамлекеттик преференцияларды берүү жана калдыксыз технологияларды жайылтуу боюнча иштер улантыларын билдирди.

Ошондой эле кайра иштетүү тармагында иштеген бардык ишкерлер мыйзам талаптарына ылайык өз ишмердүүлүгүн өз убагында лицензиялоого чакырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу