Таласта мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна унга бөгөт коюлду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден "Чоң-Капка" өткөрмө пункту аркылуу эсепке алынбаган унду мыйзамсыз ташып келүү аракетин аныкташты.
Маалыматка ылайык, төрт жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөм менен иш жүзүндө ташылып келген ундун көлөмү дал келбегени аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында эсепке алынбаган ундун жалпы көлөмү 20 тоннаны түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз ташылып келе жаткан товардын жалпы баасы 800 миң сомго жакын экени белгиленди.
Учурда жүк ташуучу унаалар айып короосуна токтотулуп, мыйзам бузууга жол берген жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.