Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда
Балыкчы шаарындагы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын филиалында Европа өлкөлөрүнө экспорттолуучу жүктөр үчүн колдонулуучу контейнерлерди жана жыгач таңгактарды фитосанитардык зыянсыздандыруу (фумигация) иштери жүргүзүлүүдө.
Фумигация иш-чаралары экспорттук жүктөр аркылуу карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышына жол бербөө, импорттоочу өлкөлөрдүн фитосанитардык талаптарын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Иш-чаралардын жүрүшүндө контейнерлер жана жыгач таңгактар эл аралык талаптарга ылайык атайын фумигациялык иштетүүдөн өткөрүлүп, алардын фитосанитардык коопсуздугу камсыздалат. Бул өз кезегинде экспорттук жүктөрдүн чет мамлекеттерге тоскоолдуксуз жеткирилишине жана эл аралык соодадагы фитосанитардык талаптардын сакталышына өбөлгө түзөт.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти экспорттук жүктөргө мамлекеттик фитосанитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүп, эл аралык стандарттардын талаптарынын аткарылышын жана ата мекендик продукциянын коопсуз экспорттолушун камсыздоону улантууда.