А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү. Андан соң өкмөт башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулоого өтүштү.

Адылбек Касымалиев катышуучуларга кайрылып, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинянды парламенттик шайлоодогу жеңиши жана өкмөт башчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.

Ошондой эле ал Президент Садыр Жапаровдун сөзүнө таянып, Биримдиктин алкагындагы кабыл алынган макулдашууларды толук ишке ашыруунун, товарлардын эркин жүгүртүлүшүн тездетүүнүн жана рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагалыгы Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновго өткөрүлүп, жыйын жабык форматта улантылды.

ЕӨАКтын тар курамдагы жыйынына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны 7-августта уланат. Анда Евразия экономикалык биримдигинин күн тартибиндеги 15тен ашуун маселе каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media