Кыргызстан менен Россия жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Россия жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Чолпон-Ата шаарында VIII Кыргызстан–Россия экономикалык форуму жана XII Кыргызстан–Россия аймактар аралык конференциясы расмий ачылды. Иш-чара 6-7-августта өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында уюштурулду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форум Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуучуларга жолдогон видеокайрылуулары менен башталды.

Ачылыш аземинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди чыңдоо өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон каларын белгиледи.

Анын айтымында, форум эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп саналат.

"Бул жөн гана пикир алмашуу аянтчасы эмес. Бул жерде конкреттүү чечимдер кабыл алынып, биргелешкен долбоорлор ишке киргизилип, өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрү менен аймактарынын ортосундагы түз байланыштар чыңдалат", – деди Адылбек Касымалиев.

Өкмөт башчы Кыргызстанда экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, өнөр жайды, энергетиканы, транспортту жана туризмди өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, кыргыз тарап россиялык өнөктөштөр менен жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле ал аймактар аралык кызматташтык практикалык байланыштарды күчөтүп, эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев форумдун жыйынтыгы кыргыз-орус экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоого, соода-экономикалык, инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media