Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Адылбек Касымалиев: ЕАЭБ өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал "Евразиялык экономикалык жол" декларациясы 2030-жылга чейинки стратегиялык багытты аныктаганын жана бүгүнкү күндө ал бекитилген Иш-чаралар планында конкреттүү түргө ээ болуп жатканын белгиледи.

"Максат өзгөрүүсүз калууда: ЕАЭБ энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле транспорттук байланышка таянган, өз алдынча көп тармактуу дүйнөнүн өнүккөн уюмуна айланышы керек", — деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин төрагасы бул максатка жетүү үчүн декларацияларды азайтып, реалдуу долбоорлорду көбөйтүү, тоскоолдуктарды кыскартуу жана өз ара ишенимди бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, прагматикалык жана макулдашылган аракеттер аркылуу гана "Евразиялык экономикалык жолго" мазмундуу маани берүүгө болот.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу