Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Касымалиев ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал буга чейин тар чөйрөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер кеңири талкууланганын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында агроазык-түлүк секторун чыңдоо жана калкты коопсуз, жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды жана механизмдерди макулдашуу зарылдыгын белгилегенин эске салды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшүнө да көңүл буруп, азык-түлүк инфляциясы социалдык чыңалуунун булагына айланып жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу ал Евразия экономикалык комиссиясы айыл чарба рынокторундагы кырдаалга активдүү мониторинг жүргүзүүнү улантышы керектигин билдирди.

Ошондой эле мүчө мамлекеттерден алынган маалыматтардын негизинде тартыштык же баалардын жогорулашы күтүлгөн учурларда тобокелдиктерди ыкчам жумшартууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн Биримдиктин органдарына өз убагында сунуштарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик