Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты.

Көчмө жыйындын алкагында катышуучулар кошумча нарк чынжырлары боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен жеринде таанышып, алардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Комитеттин мүчөлөрү "Натурал Хозяйство" дыйкан чарбасына, "Шермамат" фермердик-өндүрүштүк чарбасына, "Зиябидин Ата" дыйкан чарбасына, "ББК Групп" ЖЧКсына, "Ош облусунун асан-үсөн форелин өндүрүүчүлөр ассоциациясы" коомдук бирикмесине, "Тоок Ордо" дыйкан чарбасына, "Большевик багбандар биримдиги" коомдук бирикмесине, "Элдик Техсервис" айыл чарба кооперативине, "Ала Тоо Амир" жана "Эко Азык" ЖЧКларына, "Абдрашит Ата" дыйкан чарбасына барышты.

Ошондой эле мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды акустикалык жана интенсивдүү тоңдуруу багытында ишке ашырылып жаткан өндүрүш объектилеринин иши менен таанышышты.

Объектилерди кыдыруу учурунда долбоорлордун ишке ашырылышы, өндүрүштүк кубаттуулуктар жана ишканалардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мындан тышкары, аларды мындан ары колдоо жана аймактагы кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Көчмө жыйын долбоорлордун потенциалын жеринде баалоого, ошондой эле Ош облусунда агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media