Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Күн мурун Президенттик администрацияда бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Жолугушууну Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев өткөрдү. Анда мамлекет менен бизнестин кызматташуусу жана ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду жакшыртуу маселелери талкууланды.

Бакыт Торобаев ишкерлердин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык өсүштү камсыздоого кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле ишкердикке тоскоол болгон системалык көйгөйлөрдү жоюу зарылдыгына көңүл бурду.

Бизнес-ассоциациялардын жетекчилери мамлекеттик органдар менен кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштарын айтып, ишкерлерди түйшөлткөн актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында мамлекет менен бизнестин диалогун натыйжалуу жүргүзүү, ишкерлердин демилгелерин ыкчам кароо жана системалык маселелерди чечүү үчүн кызматташуунун жаңы форматтарын иштеп чыгуу сунушталды.

Мындан тышкары, илимди өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду. Катышуучулар жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүдө билим берүү, илим жана бизнестин тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин белгилешти.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media
Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, учурда райондун алты айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми калган калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоордук-сметалык

Ишкер Media
Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият

Ишкер Media