Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Алматы шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков менен Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого жыл сайын квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул балыкты кайра иштетүүгө жана ата мекендик аквакультураны өнүктүрүүгө шарт түзөрү белгиленди.

"Эки тараптын колдоосу менен зарыл болгон жол-жоболорду аяктап, сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган балык өнөр жай форумунун алкагында Протоколго кол коюуга жетишебиз деп ишенебиз", — деди Эрлист Акунбеков.

Ошондой эле Кыргызстан 20 миң башка чейин асыл тукум бодо мал жеткирүүгө жана майда жандыктар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Россиядан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүүчүлөр менен түз узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү маселеси талкууланды.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media