Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча алдын ала макулдашууга кол коюлду.

Министрликтин маалыматына ылайык, документке "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу катышты.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстанга биринчи партияда кеминде 10 миң тонна жогорку сапаттагы карбамид жеткирүү пландалууда. Бул дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоого багытталган.

"Карбамиддин жеткиликтүү жана өз убагында жеткирилиши дыйкандарыбызга түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өлкөнүн айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деди Илич Марсбек уулу.

Министрликтен белгилешкендей, кызматташуу жер семирткичтерди туруктуу жеткирүүгө жана жазгы-талаа, күзгү айыл чарба жумуштары маалында тартыштык тобокелдигин азайтууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен АКШ саламаттык сактоо тармагында  кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен АКШ саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты бекемдөөдө

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөгө белгилүү АКШдагы Ыйык Иуда балдар изилдөө ооруканасынын (St. Jude Children’s Research Hospital) өкүлдөрү менен жолугушту. Министрликтин маалыматына караганда, тараптар Кыргызстанда онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга

Ишкер Media
Агартуу министри Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды

Агартуу министри Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 22-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн балдарга арналган Дүйнөлүк саммиттин пленардык жыйында баяндама жасады. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр анда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформаларынын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, "Алтын Казык" программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү,

Ишкер Media
Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга

Ишкер Media
Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган

Ишкер Media