Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын дүң көлөмү 908,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт.

Кызмат көрсөтүү тармагы мурдагыдай эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда. Анын ИДПнын өсүшүнө кошкон салымы 3,25%дык пунктту түзүп, ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 49,8%га жетти.

Отчеттук мезгилде дүң жана чекене сооданын, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын жалпы көлөмү 281,7 млрд сомду түзүп, 8,4%га өстү. Ошол эле учурда өсүү темпи 2025-жылдын ушул мезгилиндеги 18,6%га салыштырмалуу жайлаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, буга дүң соодадагы активдүүлүктүн төмөндөшү, Чүй облусундагы ири ишканалардын биринин иш көлөмүнүн кыскарышы, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды, фармацевтикалык продукцияларды жана металлдарды дүң сатуу көлөмүнүн азайышы таасир эткен.

Ал эми чекене соода жогорку өсүү динамикасын сактап, 14,9%га көбөйдү. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын тиешелүү мезгилинде өсүү 13,4%ды түзгөн.

Чекене сооданын өсүшүнө калктын кирешелеринин көбөйүшү оң таасирин тийгизген. 2026-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 27,5%га жогорулаган.

Мындан тышкары, керектөө кредиттеринин көлөмүнүн кеңейиши да соодадагы активдүүлүккө түрткү берген. 2026-жылдын алты айында берилген керектөө кредиттеринин көлөмү 2025-жылдын аягына салыштырмалуу 16,5%га, ал эми өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 51%га өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media